Алтынай Өмүрбекованын жолдошу жол кырсыгына кабылды

Автор -
376

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекованын жолдошу Нурлан Тургунбаев жол кырсыгына кабылды. Бул тууралуу бүгүн, 29-мартта SUPER.KG порталы Өмүрбековага шилтеме берип жазып чыкты.

«Мен билген маалымат боюнча, окуя «Ала-Арча» коругунда 26-мартта саат 17:00 чамасында болгон. Азырынча ал жол кырсыгына кайсы жерден кабылганын так сураганга чамабыз келбей жатат. Бул тууралуу мага саат 18:00дө жанында жүргөн кесиптеши чалып айтты. Учурда абалы оор, жандандыруу бөлүмүндө жатат»
деп билдирген Алтынай Өмүрбекова.

Нурлан Тургунбаев Улуттук госпиталдын көз микрохирургия бөлүмүндө дарыгер болуп иштейт.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү