Кытай тараптын демилгеси менен “Торугарт-автожол” жана “Иркештам-автожол” өткөрүү жайлары 5-апрелден 7-апрелге чейин убактылуу жабылат. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, чек ара Кытай Эл Республикасында Маркумдарды эскерүү күнүнө жабылат.
Мамлекеттик чек аранын кыргыз-кытай тилкесиндеги өткөрүү жайларында жарандарды, унаа каражаттарын жана жүктөрдү өткөрүү 8-апрелде жанданат.