Ысык-Көлдө 475 түп бакты уруксаат кагазы жок кыйган жаран кармалды

Автор -

Ысык-Көл облусунда 475 түп бактарды эч кандай уруксаат кагазы жок кыйган жаран аныкталды. Бул тууралуу Мамэкотехинспекциянын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган окуяны Ысык-Көл облусунун Ананьево айылдык кеңешинин депутаттары Мамэкотехинспекцияга  мыйзамсыз бак кыюу болуп жаткандыгы боюнча кайрылышкан.

Инспекциянын адистери тарабынан жеринде ыкчам текшерүү жүргүзүлүп, мыйзамсыз кыйылган 475 түп бактар эч кандай уруксаат кагазы жок Супаев Эмиль аттуу жаран тарабынан кыйылгандыгы аныкталган.  Жеринде акт түзүлүп, мыйзам бузуучунун түшүнүк каттары алынып, келтирилген чыгым боюнча 301,986 сом доо-эсеби чыгарылды.

Учурда бардык материалдар чогултулуп, укуктук жактан баа берүү үчүн иш кагаздар Ысык-Көл райондук Ички иштер бөлүмүнө өткөрүлдү.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү