Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 2-апрель күнү саат 07:41де Нарын облусунун аймагында очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталган.
Жер титирөө Нарын шаарында жана Нарын районунун Жер-Көчкү жана Өрүк-Там айылдарында 3 баллга чейин сезилген.
Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.