Ош шаарындагы каралбай калган көчө толук оңдоодон өтүүдө

Автор -

Ош шаарынын Ленин жана Курманжан датка көчөлөрүн бириктирген Мамажан көчөсү толук оңдоп-түзөөдөн өтүүдө. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Аталган көчө Шейит-Дөбө аймагында жайгашып, бир канча соода күркөлөрү алынып салынган. Мэр Таалайбек Сарыбашов курулуш иштери менен таанышып, курулуш материалдарын саткан соодагерлерди тазалыкты сактоого чакырды.

Буга чейин каралбай калган көчөнү оңдоо боюнча тапшырма берилип, курулуштун биринчи этабындагы иштер аткарылды.

Жол четине арыктар (лоток) курулуп, жөө адамдар басуучу жол (тротуар) курулду. Жолдун бир тарабына курулган тротуардын узундугу 258 метр, туурасы 2, 25 метрди түзөт.

Ал эми апрель ай ичи жолду асфальттоо иштери бүткөрүлөт. Асфальтталуучу жолдун узундугу 258 метр, туурасы 7 метр болот. Курулуш иштери жергиликтүү бюджеттен каржыланууда.

 

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү