Нарын облусунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды

Автор -

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын  Сейсмология институтунун маалыматына ылайык,  2-апрель күнү саат 07:41де Нарын облусунун аймагында очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Нарын шаарында жана Нарын районунун Жер-Көчкү жана Өрүк-Там айылдарында 3 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү