Россиянын Санкт-Петербург шаарында жол кырсыгынан каза тапкан жарандын сөөгү бүгүн, 2-апрелде мекенине жиберилет. Бул туурасында КР Орусиядагы Элчилигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 30-март күнү Санкт-Петербург шаарынын Невский жана Литейный кең көчөсүнүн тоомунда бир нече унаа катышкан жол кырсыгы катталган.
Кырсыктын кесепетинен «Фольксваген Поло» унаасынын айдоочусу, Ош облусунун Чоң-Алай районунда туулган 41 жаштагы кыргыз жараны жеринде каза тапкан.
Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, каза тапкан кишинин 37 жаштагы иниси Т.С. жабырлануучу катары таанылды.
[ads-quote-center cite=’деп айтылат маалыматта. ‘] ««Жүк-200» бүгүн, 2-апрелде Кыргызстанга жөнөтүлөт. Маркумдун үй-бүлөсүнө андан ары көмөктөшүү маселеси Элчиликтин көзөмөлүндө»[/ads-quote-center]