Орусияда жол кырсыгынан каза тапкан жарандын сөөгү Кыргызстанга жөнөтүлөт

Автор -

Россиянын Санкт-Петербург шаарында жол кырсыгынан каза тапкан жарандын сөөгү бүгүн, 2-апрелде мекенине жиберилет. Бул туурасында КР Орусиядагы Элчилигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 30-март күнү Санкт-Петербург шаарынын Невский жана Литейный  кең көчөсүнүн тоомунда бир нече унаа катышкан жол кырсыгы катталган.

Кырсыктын кесепетинен «Фольксваген Поло» унаасынын айдоочусу, Ош облусунун Чоң-Алай районунда туулган 41 жаштагы кыргыз жараны жеринде каза тапкан.

Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, каза тапкан кишинин 37 жаштагы иниси Т.С. жабырлануучу катары таанылды.

 ««Жүк-200» бүгүн, 2-апрелде Кыргызстанга жөнөтүлөт. Маркумдун үй-бүлөсүнө андан ары көмөктөшүү маселеси Элчиликтин көзөмөлүндө»
деп айтылат маалыматта.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү