Депутат Нурлан Насип менен Асел Кадырбекованы наристелүү болушу менен куттуктады (фото)

Автор -
757

Депутат Бакыт Төрөбаев ырчылар Нурлан Насип менен Асел Кадырбекованы ата-эне болушу менен куттуктады. Бул тууралуу ал өзүнүн баракчасына жазып чыкты.

«Өзүңүздөргө белгилүү болгондой жакында ырчылар Нурлан Насип менен Асель Кадырбековалардын үй-бүлөсү толукталып, кыздуу болушту. Учурдан пайдаланып, аларды чын жүрөктөн куттуктап, кызынын өмүрү узак, ден соолугу бекем болушун каалайм. Бала бул – жашоодогу ата-эненин таянычы жана келечекке болгон салымы болуп саналат»
деп жазган эл өкүлү.

Белгилей кетсек, Нурлан Насип менен Асел Кадырбекова кыздуу болушуп, атын Дария деп коюшкан.

View this post on Instagram

НУРЛАН НАСИП @nurlannasip_kg МЕНЕН АСЕЛЬ КАДЫРБЕКОВАНЫ @aselkadyrbekova АТА-ЭНЕ БОЛУШУ МЕНЕН КУТТУКТАЙМ Өзүңүздөргө белгилүү болгондой жакында ырчылар Нурлан Насип менен Асель Кадырбековалардын үй-бүлөсү толукталып, кыздуу болушту. Учурдан пайдаланып, аларды чын жүрөктөн куттуктап, кызынын өмүрү узак, ден соолугу бекем болушун каалайм. Бала бул – жашоодогу ата-эненин таянычы жана келечекке болгон салымы болуп саналат. Балдардын төрөлүш көрсөткүчүнүн көбөйүшү өлкөдө демографиялык жагымдуу кырдаалдын жакшырышын жаратат. Статистикалык маалыматка ылайык, 2019-жылдын алгачкы үч айында Кыргызстанда 42 миңден ашуун ымыркай жарык дүйнөгө келген. Бир күндө орточо 200дөй бала төрөлөт. 90-жылдары орто эсеп менен аялдар эки бала төрөсө, азыркы учурда бул үч балага чейин көбөйдү. Албетте, бул көрсөткүч кубандырбай койбойт. Анткени, жаңы муун келечекти жаңыча көз карашта карап, өз салымын кошуп жатат. Бирок, инфраструктуралык объектилердин жетишсиздиги (балдар бакчалары, мектептер, ооруканалар) өсүп жаткан элге жана жаштар үчүн жаңы жумуш орундарынын жоктугу демографиялык өсүүгө терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Биз балдардын билимине абдан чоң маани беришибиз керек. Анткени, балдар — бул өлкөнүн келечеги. Биз канчалык балдарга көбүрөөк салым кылсак, алардан ошончолук кайтарым көп болот.

A post shared by Бакыт Торобаев (@b_torobaev_official) on

Бөлүшүү