Депутаттар Баткен облусундагы чек арага танапташ айылдардын көйгөйлөрүнүн чечилишин Өкмөттөн талап кылышты

Автор -

Бүгүн, 3-апрелде Жогорку Кеӊеш жыйынында Баткен облусунун чек ара аймактарындагы абал боюнча Жогорку Кеӊеш депутаттары Карамат Орозова менен Таабалды Тиллаев Өкмөткө кайрылуу жасашты.

Депутат Карамат Орозова Баткен облусунун айрыкча, Ак-Сай, Көк-Таш, Ак-Татыр айылдарында дайыма жаз маалында – сугат же жайлоого чыгуу маалында коӊшу Тажикстан Республикасынын чек арага танапташ айылдарынын тургундары менен чатак чыгаарын белгилеп, биздин жергиликтүү тургундардын тынчтыкты камсыздоо сыяктуу бир катар талаптарды коюп жаткандыгын тизмектеди.

Эл өкүлү жергиликтүү тургундардын кайрылуусунун негизинде Өкмөткө аталган айыл өкмөттөрүнүн айылдарына 1-категориядагы чек ара макамын берүү, чек ара заставаларын оӊдоп-түзөө, андагы аскерлердин санын көбөйтүү, Ак-Сай айыл аймагына өзүнчө милиция бөлүмүн ачуу, Ак-Сай, Ак-Татыр айылдарына ФАП ачуу, Самаркандек, Паскы-Арык айылдарын сугат суу менен камсыз кылуу үчүн суу каналдарын куруу, айыл тургундарын жумуш менен камсыздоо, жеӊилдетилген ссудаларды берүү, үйлөрдүн документтерин тактап бүтүрүү маселелерин сунуш кылды. Ошону менен катар тажик айылдарын аралап мектепке барган окуучулар үчүн өз айылдарына мектеп куруу, эли азайып бараткан Ак-Сай сыяктуу айылдарда элди кармап калуу үчүн компенсация берүү, социалдык жактан көмөк көрсөтүү, электр кубаты маселелерин дагы аткаруу бийлигинин астына койду.

Жыйын жүрүшүндө депутат Таабалды Тиллаев дагы Баткен облусунун чек арага танапташ айылдарынын көйгөйлөрүнө токтолду. Депутат айрым айылдардагы үйлөрдү, жер тилкелерин коӊшу мамлекеттин жарандары сатып алып жаткандыгына тынчсыздануусун билдирди. Мындай олутуу маселелерге КР Өкмөтүнүн көӊүлүн бурган Т.Тиллаев чек ара айылдарын баардык салыктардан бошотуу сыяктуу ыкчам чараларды көрүүгө чакырды.

Белгилей, кетсек, Жогорку Кеӊеш жыйынында “Кыргыз Республикасынын Баткен областындагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында 2019-жылдын 13-мартында болуп өткөн инцидент боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн маалыматы жөнүндө” Жогорку Кеӊештин токтом долбоору жабык каралууда.

Бөлүшүү