Эртеӊ Бишкек шаарынын 48 аймагында таза суу өчүрүлөт (тизме)

Автор -
307

Эртеӊ, 4-апрелде Бишкек шаарынын айрым аймактарында саат 9:00дөн 20:00гө чейин таза суу берүү убактылуу токтотула турганын мэриянын маалымат кызматы билдирди.

«Көк жар» суу чогулткуч жайындагы  оӊдоо иштерине байланыштуу Панфилов менен Фрунзе көчөсү жана Аламүдүн дарыясынын төрт бурчтугунда таза суу жок болот.

Суу өчүрүлүүчү аймактардын тизмеси:

  • Чыгыш-6 кичирайону;
  • «Вечерний Бишкек» гезитинин редакциясы;
  • Гоголь көчөсүндөгү борбордук мечит;
  • «Штайнброй» ЖЧКсы;
  • № 5, 12, 65 кесиптик лицейлерде;
  • № 4, 11, 24, 28, 30, 67 орто мектептерде, №6 мектеп-гимназиясында, «Звездочка» мектеп-комплексинде;
  • № 31, 35, 61, 124, 145, 178 бала бакчаларда;
  • №29 автоматташтырылган телефон станциясында;
  • «Бишкек-Сити» соода үйүндө;
  • «Карвен-Клуб плюс» спорткомплексинде;
  • Бишкек ШИИБинде;
  • «Жыргал» ден соолукту чыңдоо комплексинде;
  • «Дордой Плаза» соода борборунда;
  • № 4, 10 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунда;
  • «Айгүл» АКында;
  • «Аалам» мекемесинде;
  • «Кыргызтелекомдо»;
  • «Кыргызпочтасында»;
  • ЖАМКта;
  • Юстиция министрлигинде;
  • Экономика министрлигинде;
  • «Айчүрөк» борбордук дүкөнүндө;
  • «Чынар» соода борборунда;
  • Республикалык диагностика борборунда;
  • Кыргыз-орус Славян университетинде;
  • «Кабар» маалымат агенттигинде;
  • ИИМдин мамлекеттик күзөт башкармалыгынын адистештирилген кызматында;
  • Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз академиялык опера жана балет театрында;
  • «Кыргызинвест» ЖЧКда;
  • Чүй университетинде;
  • «Триада» басмаканасында;
  • «Мега Комфорт» соода үйүндө;
  • «Миң түркүн» соода жайы;
  • Свердлов РИИБи;
  • «Графа» басмаканасында;
  • «Алтын-Башат» мектеби жана «Телеком» АКынын бала бакчасында;
  • «Детский мир» соода үйүндө;
  • Шубин атындагы музыкалык мектепте;
  • Гапар Айтиев атындагы кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде;
  • Гапар Айтиевдин мемориалдык музей-өнөрканасында;
  • Чыңгыз Айтматов атындагы орус драма театрында;
  • «Ала-Тоо» кинотеатрында;
  • Тыныстанов көчөсүндөгү Өзбекстандын өкүлчүлүгүндө;
  • Жогорку сотто;
  • Ишеналы Арабаев атындагы кыргыз мамлекеттик университетинде.