Шашылыш билдирүү! Нөшөрлүү жаан чачынга байланыштуу ойдуӊ жерлерди суу каптайт

Автор -

Ушул жылдын 4-6-апрель күндөрү күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан чачынга байланыштуу Чүй, Талас облустарынын ойдун жерлерин суу капташы мүмкүн. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын дарыяларда суунун деңгээли кескин көтөрүлүшү мүмкүн. Ошондуктан, жергиликтүү калктын жана мекемелердин, ишканалардын, уюмдардын (менчигинин түрүнө карабастан) күч-каражаттарын тартуу менен арыктарды, суу өткөрүү түтүктөрүн жана ошондой эле дренаждык түйүндөрдү тазалоо иш-чараларын жүргүзүү зарыл.

 

 

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү