Экс-президент Алмазбек Атамбаев КСДПнын жыйынына катышты

Автор -
232

КСДП партиясынын Чүй облусунда өткөрүлгөн жыйынына экс-президент Алмазбек Атамбаев катышты. Бүл тууралуу аталган партиянын басма сөз кызматы билдирди.

Жыйынга Чүй облусунун 10 районунан 115 партия мүчөсү келди. Ошондой эле жыйында 6-апрелде Алмазбек Атамбаевдин төрагалыгы астында өтө турган КСДПнын съездине Чүй облусунан 27 делегат шайланды.

Белгилей кетсек, Социал-демократтар партиясынын жыйындары буга чейин башка облустарда өткөрулүп келген.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү