Касым-Жомарт Токаев менен Владимир Путин жолугушту

Автор -

Казакстандын убактылуу президенти Касым-Жомарт Токаев менен Орусиянын президенти Владимир Путин 3-апрелдеги жолугушуудан кийин эки өлкө ортосундагы мамилелердин өнүгүшү боюнча биргелешкен билдирүү жасашты.

Анда Казакстан менен Орусия «эки өлкөнүн жалпы тарыхын, анын ичинде Экинчи дүйнөлүк согуш тууралуу маалыматтарды жасалмалоого, кайрадан жазууга жана «каралоого» жол бербей тургандыгы» белгиленген.

Билдирүүдө тараптар «Байкоңур» комплекси боюнча, анын ичинде «Байтерек» ракеталык-космикалык комплексин түзүү боюнча кызматташтыкты уланта тургандыктары жазылган.

Кремлдин маалыматына караганда, сапардын алкагында тараптар «Байкоңур» комплексин газ менен камсыз кылуу, «өндүрүш жана илимий-техникалык кооперациясы тармагындагы» эки өлкөнүн тиешелүү түзүмдөрүнүн кызматташуусу боюнча келишимдерге кол коюлду.

Бул Касым-Жомарт Токаевдин президенттик кызматка киришкенден кийинки мамлекет башчы катары алгачкы чет өлкөлүк расмий сапары болду.

Бөлүшүү