Путин Казакстанга АЭС салуу мүмкүнчүлүгүн караштырууну сунуштады

Автор -

Казакстанда салынышы ыктымал Атомдук электр станциясына (АЭС) арналган аймак иретинде Алматы облусунун Үлкен айылы каралууда. Бул тууралуу Казакстан энергетика вице-министри Магзум Мырзагалиев билдирди.

Мырзагалиевдин айтымында, АЭС кандай кубаттуулукта болору, канча мөөнөт аралыгында салынары аныктала элек. Бул маселе көп жылдан бери талкууланып келе жатат, бирок бир чечим жок. Вице-министр өзөктүк станция курулса, элдин пикири эске алынарын кошумчалады.

3-апрелде Орусия президенти Владимир Путин Казакстандын убактылуу президенти Касым-Жомарт Токаев менен жолугушуп жатып, Казакстанда орус технологиясы менен Өзөктүк электр станциясын куруу боюнча кызматташууну сунуштады.

Анын айтымында, уран казуу жана байытуу боюнча алты орус-казак ишканасы иштеп жатат.

Эки президент ошондой эле жолугушууда «Байкоңур» комплекси боюнча кызматташууну улантып, «Байтерек» ракеталык комплекси боюнча долбоорду ишке ашырууну сүйлөшкөн.

Бул арада Владимир Путин Евразия экономикалык кеңешинин отурумунун алкагында 29-майда Казакстанга иш сапары менен барарын билдирген.

Бөлүшүү