Гурбангулы Бердымухамедовдун тик учагы бир күндө Ашхабадды эки жолу айланды

Автор -

“Азаттыктын” түркмөн кызматы кабарлагандай, ашхабаддыктар президенттин тик учагы шаарды эки жолу айланып чыкканына күбө болушту.

Президент Гурбангулы Бердымухамедов тик учак менен шаарды өзү кыдырып чыккан-чыкпаганын тактоого мүмкүн болгон жок. Адатта, мамлекеттик басылмалар мамлекет башчынын саякаттарын кеңири чагылдырып турат. Бул жолу үн катышкан жок.

Ашхабадды тик учак менен кыдырган учурда Гурбангулы Бердымухамедов “шаардын жайлуулугу жана социалдык инфраструктураларды өнүктүрүү программасынын аткарылышы” менен таанышат.

Түркмөн президенти “саякатка” тик учак менен чыгар алдында шаарды жеке автотранспорт, кондиционер, теле-антенналардан арылтышат. Балкондорго кир жаюуга тыюу салынат.

Бөлүшүү