Ала-Бука районунда айдоочу унаасы менен кошо күйүп кетти. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Ала-Бука айылындагы Ибрагимов көчөсүндө ДЭУ-Матиз үлгүсүндөгү жеңил унаа толугу менен күйгөн.
Өрттүн кесепетинен унаанын айдоочусу 1984-жылы туулган К.Э. аттуу киши каза болгон.
Маркумдун сөөгү ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп беришкен.
Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.