Казакстанда аз камсыз үй-бүлөлөргө социалдык жардам берүү күчөтүлөт

Автор -
231

Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев 4-апрелде аз камсыз жарандарды жана көп балалуу үй-бүлөрлөрдү социалдык жактан колдоо жөнүндөгү мыйзамга кол койду.

Документке ылайык, аз камсыз үй-бүлөдөгү ар бир бала үчүн төлөнө турган жөлөк пулдун минималдык көлөмү 20 789 теңге (50 доллардан ашык) болот. Майып балдарын тарбиялаган ата-энелерге төлөнө турган акчанын көлөмү 30% жогорулайт.

«Нур Отан» партиясынын 27-февралдагы съездинде мурдагы президент Нурсултан Назарбаев аз камсыз жана көп балалуу үй-бүлөрлөрдүн жашоосун жакшыртуу үчүн Улуттук фонддон каражат бөлүнөрүн билдирген. Быйыл республикалык бюджеттин чыгымдарынын 45% социалдык тармактарга жумшалары маалым болгон.

21-февралда Казакстан президенти өкмөттүн отставкасын кабыл алган. 19-мартта Нурсултан Назарбаев өзү дагы кызматын тапшырганын жарыялаган.

Айрым эксперттердин пикиринде, соңку эки айда өлкө жетекчилигиндеги өзгөрүүлөр көп балалуу энелердин акциялары менен тездетилди. 4-февралга караган түнү Астанада жер үйдөн чыккан өрттөн беш бир тууган кыздын каза болушу – көп жылдардан бери топтолгон социалдык көйгөйлөрдү ачыкка чыгарды.

Бөлүшүү