Ала-Бука районунда айдоочу унаасы менен кошо күйүп кетти

Автор -

Ала-Бука районунда  айдоочу унаасы менен кошо күйүп кетти. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ала-Бука айылындагы  Ибрагимов көчөсүндө ДЭУ-Матиз үлгүсүндөгү жеңил унаа толугу менен күйгөн.

Өрттүн кесепетинен унаанын айдоочусу 1984-жылы туулган К.Э. аттуу киши каза болгон.

Маркумдун сөөгү ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп беришкен.

Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү