ИИМ депутат Дастан Бекешовдун билдирүсүнө жооп кылды

Автор -

Кечээ, Жогорку Кеңештин пленардык отурумунда депутат Дастан Бекешов милиция экономикалык маселелерге кийлигишип жаткандыгын жана бул маселе укугуна кирбей тургандыгын билдирген.

Укук коргоо органдарына карата туура эмес сөздөр айтылып, анда эл өкүлү ички иштер органдары биздин алсырап турган  экономикабыздын өсүшүнө терс таасир берип, бизнеске кийлигишип, уруксат берилбеген текшерүүлөрдү жүргүзүшүп жаткандыгын белгилеген.

Ошол себептен ички иштер министрлиги түшүндүрүү иретинде белгилейт. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылы “Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын тутумундагы функционалдык жана түзүмдүк өзгөрүлөөрү тууралуу” жарык көргөн токтомуна ылайык, экономикалык кылмыштарды аныктоо жана иликтөө боюнча милдети  Ички иштер министрлигинен алынып  Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынына жүктөлгөн.

Өз убагында ИИМде “Республиканынын ИИОнун кызматкерлерин ишкерлик чөйрөсүндөгү субьекттердин ишмердүүлүгүн текшерүүнү токтотуу жөнүндө” буйругу чыккан. Аталган буйрукка ылайык Кыргыз Республикасынын мыйзамы менен бекитилген учурлардан тышкары ИИОнун кызматкерлерине, анын ичинде милициянын аймактык ыйгарымдуу өкүлүнө ишкерлик чөйрөсүндөгү субьекттердин (ишкерлер, соодагерлер ж.б.,) ишмердүүлүгүн текшерүүгө, анын ичинен уруксат берүүчү документтерди, патенттерди, квитанцияларды жана башка каржы документтерин суроого уруксат берилбейт. ИИМ тарабынан бизнеске мыйзамсыз кийлигишүү жана башка экономикалык маселелерге кийлигишкен учурлар болгон эмес.

Бүгүнкү күнү милиция бизнеске кийлигишпейт, уруксат берилбеген текшерүүлөрдү жүргүзбөйт, мүлктү камакка албайт, ишкерлердин банктык эсептерин жаппайт, кылмыш иштерин иликтөө учурунда башка уруксат берилбеген окуялар болгон эмес. Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешовдун билдирүүлөрү өз далилдерин тапкан жок жана ошого карабастан кошумча текшерүүлөр жүргүзүлөт.

ИИМ бүгүн уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча ыкчам күрөштү колга алган. Милиция ишкерлерди көзөмөлдөөгө аракеттенген жок, анткени экономикалык кылмыштарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын иликтейт жана тергеп келүүдө.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү