Балыкчы-Каракол унаа жолу: Жол кырсыктан 4 адам каза болуп, 2 адам жабыркады

Автор -

Балыкчы-Каракол унаа жолундагы жол кырсыгынан 4 адам каза болуп, 2 адам жабыркады. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кырсык 5-апрель күнү саат 00:41 чамасында Балыкчы-Каракол унаа жолунда болгон. Анда “Тойота-Ист” үлгүсүндөгү унаа менен “Фольксваген-Гольф-3” үлгүсүндөгү унаа кагышкан.

Жол кырсыктын кесепетинен Фольксваген унаасындагы 4 адам каза болуп,  2 адам жабыркаган. Алар жубайлар жана эки баласы көз жумган. Мындан сырткары Тойота унаасындагы 1 аял жабыркаган.

Куткаруучулар каза болгон жарандардын сөөгүн унаадан чыгарышып ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Ал эми жабыркаган жарандар тез жардам кызматы тарабынан Чолпон-Ата шаардык ооруканасына жеткирилген.

 

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү