«Коопсуз шаар» долбоору: Жол кырсыктарынан жабыркагандардын саны 44,4% кыскарды

Автор -
355

«Коопсуз шаар» долбоору ишке киргизилген соң жол кырсыктарынан жабыркагандардын саны өткөн жылдын көрсөткүчтөрүнө салыштырмалуу 44,4% кыскарды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын ички иштер министри Кашкар Жунушалиев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кезектеги жыйынында «Коопсуз шаар» долбоорун ишке ашыруу маселесин кароо учурунда билдирди.

Анын маалыматы боюнча, жол кыймылынын эрежелерин бузуулардын саны 37,5% кыскарган, 38 миң 385 тийиштүү протокол толтурулган. 40 миң 586 бузуу катталып, алардын ичинен 15 миң 411 айыппул 15 күндүн ичинде 20 млн 202 миң сом суммасында төлөнгөн.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өзгөчө белгилегендей, бул долбоорду ишке ашыруунун максаты айыппулдун эсебинен көп каражат жыйноо эмес, жарандардын – жол кыймылынын катышуучуларынын коопсуздугун камсыздоо жана адам өмүрлөрүн сактоо болуп саналат.

Анын айтымында, айыппулдарды төлөөдөн түшкөн каражаттардын бөлүгүн тез жардам кызматтарынын техникалык абалын жакшыртууга жумшоо зарыл.

«2019-жылдын 20-апрелине чейин «Коопсуз шаар» долбоорунун экинчи баскычын ишке ашыруу башталат жана жыл аягына чейин бардык ири шаарларда жана республиканын трассаларында жол кыймылынын эрежесин бузууларды видеобайкоо камералары орнотулмакчы. Буга чейин жыл сайын дээрлик миңдей адам жолдордо каза тапкан болсо, бул санды биз эки эсе кыскарта алсак, анда ушул биздин жеңишибиз болот. Дагы бир ирет белгилей кетсем, биздин милдет – жолдордо адамдардын коопсуздугун камсыз кылуу»
деди Мухаммедкалый Абылгазиев.
Бөлүшүү