Фарид Ниязов президенттин басма сөз катчысы Стамалиевага жооп берди

Автор -

Фарид Ниязов президенттин басма сөз катчысы Стамалиевага жооп берди. Төмөндө Ниязовдун комментарийин толугу менен жарыялайбыз.

«Кайсы бир «кызыл калпакчан» кыз Сооронбай Жээнбековдун бүткүл үгүт кампаниясын, алтургай, анын шайлоо алды штабындагы касташуу кырдаалында каармандык менен тартып чыкканы жөнүндөгү мындай ашыкча мактанычка мен комментарий бергим келбейт. Ошондой эле, тилекке каршы, Толгонай Турдалиевна кучагынан чыга албай калган майда-барат таарынычтарга, жеке айыптоолорго да токтолгум келбейт.

Бирок президенттин басма сөз катчысынын дүрбөлөңдүн элементтери бар бул эмоционалдуу интернет –маалыматында көңүл бура турган эки линия бар. Бири Сооронбай Шариповичтин Алмазбек Атамбаевдин эркине карабай президент болгону жөнүндө. Ошондой эле саткынчылык деп эмнени айтуу керек экени туурасында.

Басма сөз катчысынын интернет-маалыматынын пайда болушун мен Сооронбай Шариповичтин жүрүм-турумун актоого жасалган каалоо катары баалайм. Бул президентке жакын адамдын коомчулуктун көңүлүн өзүлөрү үчүн абдан жагымсыз болгон саткынычылык темасынан алагды кылуунун жан кашайган аракети. Кандай каражаттар менен болбосун, калп, фактыларды бурмалоо ж.б. мененби, айтор, буга жетиш керек экени көрүнүп турат.

Ошондуктан сөз ирети менен болсун.

Биринчиси. «КСДПда Жээнбековду көрсөткүлөрү келбегендиги» жана «Атамбаев башка саясатчыларды да колдогону» туурасында.

Алмазбек Атамбаевдин саясый кеңешчиси жана КСДПнын мурдакы жетекчилеринин бири катары мен, 2016-жылдын башталышында 2017-жылдагы президенттик шайлоого КСДПдан потенциалдуу талапкер катары тизмеде биринчи болуп, Сооронбай Жээнбековдун турганын так билем.

Мына ушул себептен улам С.Ш. Жээнбеков жетекчилик кызматтарга ырааттуу түрдө көтөрүлүп, КСДПнын өкүлү катары Премьер-министр болгон.

Чынында, президенттикке талапкер көрсөтүү мезгилинде партиянын ичинде тала-тартыштар, мындай тандоого нараазычылыктар көп болгон. Бирок биз партиячыларды ишендире алдык жана башкы жүйөө КСДПнын элдин биримдигин чыңдоого умтулуусу болгон.

Үгүттөө мезгилине келсек, биздин штабды «административдик ресурсту колдонуп жатат» деген сынга алуулар баарынын эсиндедир. Ошондогу президент А.Ш. Атамбаевди башка талапкерлерди, биринчи кезекте Ө. Т. Бабановдукескин сынга алды, «С.Ш. Жээнбековду ачык эле сүрөп жатат» деп айыпташпады беле.

Алмазбек Атамбаев менен Нурсултан Назарбаевдин мамилелери да Казакстандын башчысынын Өмүрбек Бабанов менен жолукканынан улам начарлаганын да эске сала кетүү керек. Кыргызстан ошол учурда кошуна өлкөнүн биздин ички иштерине, президенттик шайлоого кийлигишкенине каршы чыккан. Бул жаңжал Ө.Т. Бабановдун рейтингине сокку уруп, демек, С.Ш. Жээнбековго жардамын тийгизген. Бүгүн деле эл ичинде А.Ш. Атамбаевди көп жагынан «Бабановду кубалап жиберген» жана «Жээнбековду алып келген» деп сындап жүрүшөт.

Экинчиси. «Ишенбөөчүлүк кырдаалды Алмазбек Атамбаев Сооронбай Жээнбековду өкмөт башчысы кызматынан кетирүү талабы менен тастыктаганы» туурасында.

Сооронбай Жээнбековду сүрөөнүн башкы стратегиялык линиясы аны «Атамбаевдин курсун улантуучу» жана «тажрыйбалуу мамлекетчи» катары көрсөтүүнүн тегерегинде куралган. Бирок бул жетишсиз эле.

С.Ж. Исаковдун премьерлиги С.Ш. Жээнбековго президент болууга абдан көмөктөш болгонун жоопкерчилик менен билдирем. Социологиялык сурамжылоо маалыматтары боюнча биздин талапкер Ө. Бабановго узак мөөнөт бою бардык позициялар боюнча, анын ичинде, «чынчылдыгы» жана «туура жүргөнү» боюнча да утулуп келгенин штабдын мурдакы кызматкерлеринин эсине салып койгум келет.

Талапкер С.Ш. Жээнбековго коомчулуктун 2016-2017 – жылдары күч алган«реформаларга» болгон суроо талабы да каршы иштеген. Элдин тандоосу барган сайын жаш талапкерлерге, так айтканда, Өмүрбек Токтогуловичке ыктаган.

С.Ш. Жээнбековдун жеңиши үчүн биздин талапкердин командасын «жаш соратник» менен бекемдөө зарылдыгынын курчтугу баарыбызга түшүнүктүү болчу. Сооронбай Жээнбеков жана жаш премьер-технократ Сапар Исаков иш жүзүндө тандем болуп барышкан, ал эми премьер тарабынан сүрөлгөн «Таза коом» программасы коомчулук күткөн реформаларга карата байкалаарлык жооп болгон жана Бабановдун шайлоо алдындагы программасына атаандаштык жараткан.

Үчүнчүсү. «Экс-президент ЖККУнун Минскидеги саммити учурунда эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү керек эмес экени туурасындагы насаатын Жээнбековго мен аркылуу айтканы» жөнүндөгү ачыктан ачык калп туурасында.

Муну сандырак кеп деп айткандан башка сөз жок. Сооронбай Шариповичтин Минскиде Казакстандын башчысы менен, демек, чек арадагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгына Алмазбек Шаршенович абдан кубанган. Анткени Нурсултан Абишевич менен болгон биздин мамилебиз көп жагынан Ө.Т. Бабановго шайлоо учурунда артыкчылык бербөө үчүн, башкача айтканда, Казакстандын президентине шайлоонун жыйынтыктарына таасир этпеси үчүн бузулган эмес беле. Ошондо (2017-жылдын октябрь – ноябры) биз баарыбыз кыргыз – казак чек арасындагы жаңжал С.Ш. Жээнбековдун Н.А. Назарбаев менен болгон биринчи эле жолугушуусунан кийин жөнгө салынарына ишенгенбиз.

Ошондой эле чек арадагы кырдаалды жөнгө салууга ошол кезде Казакстан Кыргызстандан кем эмес кызыкдар болгонун эске сала кетейин. Анткени ошол учурда Казакстанда ички кризис коркунучу бар эле. А. Ш. Атамбаев тарабынан Н.А. Назарбаевдин дарегине айтылган сын казак коомчулугунда жана интернеттин казак сегментинде олуттуу колдоо толкунун жараткан. Мындай кырдаалда кыргыз тарапка Минскидеги сүйлөшүүлөрдү татыктуу жүргүзүп, кырдаалды нукура дипломаттык ыкмалар менен жөнгө салууга жетишүү маанилүү болчу. Мындай пикир алышуу Сооронбай Шарипович менен Алмазбек Шаршеновичтин ортосунда болгонун мен билем.

Ал эми президентин басма сөз катчысы айткан алардын ортосундагы саткынчылык темасы кыйла кийин келип чыккан. Андыктан катчынын көйгөйдү (саткынчылыкты – автордун эскертүүсү) «оору баштан соо башка оодара салууга» болгон аракети күлкүнү келтирет».

Бөлүшүү