Орусия Кыргызстанга убада кылган 30 млн долларды берди

Автор -
225

Орусия март айында Кыргызстандын бюджетин колдоо максатында 30 млн доллар грант бөлгөн. Маалымат өкмөт тарабынан жарыяланганын Economist.kg басылмасы билдирди.

Жардам республикалык бюджеттин каржы чыгымдарын жабууга, социалдык объектилерди жана аскер кызматкерлерди үчүн турак-жайларды курууга, социалдык тармактагы айлык акыларды төлөөгө жумшалат.

Грант бөлүү боюнча келишимге Орусия президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга жасаган сапары учурунда кол коюлган.

Бөлүшүү