Алтынбек Жунус уулу: «Мен өкмөт өкүлүнө ушуну менен төрт жолу кайрылдым, эч нерсе чечилген жок»

Автор -

Мындан эки-үч жыл мурун Балыкчы шаарынын борбордук көчөлөрүнүн биринин асфальтын сыйырып салышкан, ошондон бери оӊдолбой турат. Ал жердеги шамалды билесиӊер, шаардыктар чаӊдан арылбай калды. Колунан келбегенден кийин сыйырбай койо турса болмок. Жергиликтүү тургундар нааразы, кайрылбаган жери калган жок. Бул тууралуу депутат Алтынбек Жунус уулу Жогорку Кеӊеш жыйынында билдирди.

«Балыкчы шаарынын тургундары кайра-кайра кайрылып чарчап бүтүштү. Мен дагы өкмөт өкүлүнө ушуну менен төрт жолу кайрылдым, эч нерсе чечилген жок. Качан чечилет, ачыгын айтып койгулачы. Мен билгенден, жолду курууга 250 млн сом бөлүнгөн, анын кайда жумшалганынын дайыны билинбей калды. Жок дегенде 7 чакырым жол асфальттанса, шаар тургундары чаӊдан арылып калмак», — деп кошумчалады ал.

Бөлүшүү