Казакстан чек ара бекеттерин жаңылоо үчүн Кытайдан жеңилдетилген насыя алат

Автор -

Насыя 20 жылдык мөөнөткө берилет. Бул акчага казак өкмөтү чек арадагы тогуз автоунаа жана бир темир жол өткөрмө бекетин жаңыртууну пландап жатат.

— Бул максатта ЕАЭБ чек арасынын Казакстан бөлүгүндөгү бажы инфраструктурасын өнүктүрүү зарыл. Азыркы инфраструктура күндөн күнгө көбөйүп жаткан автоунаа агымын бир калыпта өткөрүүгө мүмкүндүк бербейт. Мисал катары казак-өзбек чек арасын айтсак болот. Анда 100дөн 300гө чейин жүк унаасы топтолуп калууда», — деди өлкөнүн каржы министри Алихан Смаилов.

Анын айтымында, долбоорду ишке ашырууну быйыл жыл соңунда баштап, 2022-жылы бүткөрүү пландалууда.

Жеңилдетилген насыя тууралуу Казакстан менен Кытай өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууга былтыр июнда, казак президенти Нурсултан Назарбаевдин Пекинге жасаган сапары маалында кол коюлган.