Ат-Башы каналына 5 жашар бала чөгүп кетти

Автор -

Ат-Башы каналына алдын ала маалыматтарга ылайык, 2014-жылы туулган Б.Б. аттуу бала чөгүп кеткен. Бул тууралуу маалымат КР ӨКМге 11-апрель күнү келип түшкөн.

Издөө иштерин жүргүзүү үчүн КР ӨКМнин №1 Өрт-куткаруу бөлүмүнөн 11 куткаруучу тартылган.

Кеч болгондугуна байланыштуу саат 23:50дө издөө иштери убактылуу токтотулду, натыйжа болгон жок.

Бүгүн, 12-апрель күнү издөө иштери улантылат.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү