Ысык-Ата районунда турак үй өрттөнүп, 66 жаштагы киши жаракат алды

Автор -

Кант шаарынын Свеклопункт көчөсүндөгү барак тибиндеги турак үй жана сарай толугу менен күйгөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, өрттүн кесепетинен үй ээси 1953-жылы туулган А.А. аттуу эркек киши жеңил күйүк алган.

Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү