Депутат кайталанма жооптору үчүн премьер-министрди сынга алды

Автор -

Өкмөт былтыркы жылдын жыйынтыгы боюнча Жогорку Кеңештеги башкаруучу коалициянын алдында отчет берип жатат.

Талкуунун жүрүшүндө «Бир бол» парламенттик фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов кайталанма жооптору үчүн премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевди сынга алды.

«Мухаммедкалый Дүйшекеевич, кайра эле «кылыш керек», «кылыш керек». Качан? Качан кыласыңар?», — деп нааразы болду Сулайманов.

Өкмөт башчы «биз азыр кылып жатабыз да» деп жооп бере баштаганда депутат анын сөзүн бөлдү:

«Эч нерсе байкалбайт. Ички дүң өнүмдүн 3,5% өсүшү – бул ийгилик эмес. Экономиканын 60-70% көмүскөдө. Эгер схемаларга каршы чыныгы күрөш жүргүзүп, салык, бажы жана башка тармактардагы схемаларды жойсо, анда ички дүң өнүмдү кыйла тез өстүрүп, 3,5% эмес, 30% жеткирсе болот. Болгону көмүскөдөн чыгаруу керек», — деди Сулайманов.

«Мен сиз менен макулмун. Кеп ага кандай жол менен жетүүдө. Бул боюнча биздин көз карашыбыз туура келүүдө», — деп жооп берди премьер-министр.

Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган өкмөт 2018-жылдын 20-апрелинде дайындалган.

120 мандаттуу кыргыз парламентинде алты фракция бар. Алардын төртөө — КСДП, «Республика — Ата Журт», «Кыргызстан» жана «Бир Бол» башкаруучу коалицияда. Ал эми «Ата Мекен» менен «Өнүгүү-Прогресс» оппозициялык азчылыкта.

Бөлүшүү