Кубатбек Боронов XIII Кытай инвестиция жана соода боюнча эл аралык форумунун ишине катышты

Автор -

Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов Чжэнчжоу шаарында (Кытай Эл Республикасы) XIII Кытай инвестиция жана соода боюнча эл аралык форумунун ишине катышты.

«Заманбап дүйнө тереңдетилген трансформация мезгилин башынан өткөрүүдө. Бүгүн биз күнүмдүк жашообузда Төртүнчү өнөр жай революциясынын босогосундагы прогресстерди байкоодобуз. Жасалма интеллект, санариптик технологиялар жана компьютердик программаларга жараша адамзаты жаңы дармекти ойлоп таап, соода операциясын ишке ашырып, татаал маселелерди чечүүдө. Мунун бардыгы жалпы дүйнөлүк адамзат үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачкан трансформацияга ылайык орун алууда», – деди ал.

Кубатбек Бороновдун пикиринде, КЭР төрагасы Си Цзиньпинь тарабынан сунушталган «Бир алкак – бир жол» демилгеси эмгек жана кооперациянын аймактык бөлүштүрүлүшүнө,  эл аралык бизнес жана инвестицияларга, соода жана тейлөөнү өнүктүрүүгө катышуу жана ошондой эле жаңы жумуш орундарын түзүү үчүн жаңы мүмкүндүктөрдү берет.

«Борбор Азия өлкөлөрү, анын ичинде Кыргыз Республикасы үчүн бул – деңизге чыгуу мүмкүнчүлүгүн берет. Буга катар аталган долбоор алкагында жогорку технологиялык логистикалык борборлорду куруу жана биргелешкен электрондук сооданы өнүктүрүү келечеги бар. 21-кылымда электрондук коммерция Улуу Жибек Жолундагы сооданы да өнүктүрүүнүн байкалгыс инструменти катары саналат. Электрондук коммерция кичи жана орто бизнести өнүктүрүүгө жол ачат, бул чакан экономикага ээ болгон өлкөлөр үчүн абдан маанилүү саналат», – деп билдирди биринчи вице-премьер-министр.

Мындан тышкары, Кубатбек Боронов Кыргыз Республикасы «Бир алкак – бир жол» демилгесин ишке ашырууга өзгөчө маани берээрин билдирди.

«Кытай өлкөнүн жана жалпы аймактын өнүгүшү үчүн маанилүү мүмкүнчүлүк түзгөн масштабдуу демилгени баштагандыгы абдан маанилүү. Бул жагынан алып караганда Кыргыз Республикасы бардык тармактардагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар. Биздин республика Евразиялык континенттин борборунда орун алган жана географиялык жактан мыкты жайгашкан, бул коңшу өлкөлөрдүн кенен рыногуна чыгууга мүмкүнчүлүк берет», – деди Кубатбек Боронов.

Биринчи вице-премьер-министр белгилегендей, Кыргыз Республикасынын Евразия экономикалык биримдигине катышуусу товарлардын көлөмдүү рынокко чыгуусун жеңилдетет.

«Инвестиция жана өндүрүшкө жол ачылат, анткени, 184 млн калкы бар рынокко карай жеткиликтүүлүк артат. Кыргыз Республикасы бир катар жеңилдетилген макамдардын ээси болуп саналат. Үстүбүздөгү жылдын май айында биздин өлкөдө Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-өлкөлөр үчүн бизнес-форум өтөт, анда бизнес өкүлдөрү үчүн актуалдуу маселелерди талкуулоодо сапаттуу жаңы пикир алышуу аянтчасын түзүүнү каалайбыз», – деп жыйынтыктады ал.

Жумушчу сапар алкагында Кубатбек Боронов ошондой эле Кытай Коммунисттик партиясынын партиялык комитет катчысы Ван Гащен менен жолугушту.

Биринчи вице-премьер-министр кытай тарапка үзгүлтүксүз негизде көрсөтүлүп жаткан техника-экономикалык көмөгү үчүн ыраазычылык билдирди.

«Кытай тарап менен биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу биздин өлкө үчүн социалдык мааниге ээ. Биз Жибек Жолу Экономикалык алкагын түзүү жөнүндө демилгени толугу менен колдоого  алабыз жана аны ишке ашырууга активдүү катышууга даяр экендигибизди дагы бир ирет белгилеп кетким келет. Тышкы экономикалык байланыштар жаатында биз өз-ара кызыкчылыктарга дал келген биргелешкен инвестициялык долбоорлорду алга жылдыруу аркылуу өз-ара пайдалуу сооданы өнүктүрүүгө, аны диверсификациялоого кызыкдарбыз», – деди ал.

Эл аралык форумга катышуу алкагында Кубатбек Боронов логистикалык борборлорго, бир катар компанияларга, Чжэнчжоу смартфондорду өндүрүү паркына жана Хэнань электрондук портуна барды.

Бөлүшүү