Кыргызстандык журналист Гүлайым Мурзаева Америкадагы кыргыздардын жашоосун чагылдырып, ал жактагы мекендештерибиздин жашоо шарты, кызыктуу окуялары жана албетте өзүнүн кеӊештери менен бөлүшүп келет.
[ads-quote-center cite=’деп билдирет журналист Мурзаева.’]»Бул чыгарылышта Жолдошбек Амазон компаниясынан кандай товарлар жакшы сатылат? Кандай жолдору, талаптары бар? Кыргызстандан эмнени Амазонго киргизүүгө болот? жана Американын стандарттары тууралуу кенен айтып берди.Эске сала кетсем, каарманым Жолдошбек Бейшенбек уулу Америкада жашаганына 8 жыл болуптур. Бул убакытта ал ар кандай жумуштарда иштеген. Амазон компаниясы азыркы тапта дүйнөдөгү эң чоң, платформасы күчтүү компания. Адистердин айтымында, азырынча Амазонго конкурент жокко эсе. Анткени, амазон дүйнө жүзүнө канатын жайып, өтө тездик менен өнүгүүдө. Айрыкча амазондо сиз Америкага келбей туруп да иштесеңиз болоорун эсиңизге сала кетейин»[/ads-quote-center]
Массалык маалымат каражаттарына:
Видеону автордун уруксаатысыз колдонууга тыюу салынат.