Өлкөнүн орто мөөнөттөгү электр энергиясы боюнча тарифтик саясаты аяктады, буюрса, Өкмөт жакында парламенттин кароосуна жаӊы 5 жылдык тарифтик саясаттын долбоорун киргизет. Бул тууралуу Отун-энергетикалык жөнөгө салуу агенттигинин башчысы Таалайбек Нурбашев Жогорку Кеӊештин Отун-энергетикалык комплекси, жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинде Өкмөттүн 2018-жылдагы иши жөнүндө маалымат угулуп жатканда билдирди.
Өкмөттүн отчетунда Кыргызстандын тарифтик саясаты жөнүндө маалымат камтылбай калганына нааразы болгон депутат Бактыбек Турусбеков бул жерде кыргыздын «буюрса» деген жубатма сөзүнүн кереги жок экенин, андан көрө жаӊы тарифтик саясаттын киргизүүнүн так мөөнөтүн атоо орундуу болорун эсине салды.
[ads-quote-center cite=’деп кошумчалады ал.’]«Демек, азыркыга чейин анын так мөөнөтү жок экен да»[/ads-quote-center]Ал эми биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов энергиясы боюнча тарифтик саясат ар 5 жылда кабыл алынып турарын белгиледи.
[ads-quote-center cite=’деди ал.’]«Тарифтик саясат жаӊыртылат деген сөз электр энергиясынын наркы көбөйтүлөт дегенди билдирбейт. Тариф көбөйүшү мүмкүн, азайышы мүмкүн, ушул боюнча эле эле калышы да мүмкүн»[/ads-quote-center]Белгилей кетсек, Жогорку Кеӊештин тармактык комитетинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдагы иши жөнүндө отчет угулуп жатат.