ӨКМ министри 4 жаштагы бөбөктүн чөгүп кеткендигине байланыштуу жыйын өткөрдү

Автор -

Кечээ, 15-апрель күнү Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов Чүй облусунун Аламүдүн районунун Константиновка айылындагы Ат-Башы каналына 2014-жылы туулган бөбөктүн чөгүп кеткендигине байланыштуу жыйын өткөрдү.

Жыйын жүрүшүндө министр издөө иштерине дагы кошумча  күчтөрдү тартып, болгон күч аракетти жумшап, жумуш алып барууну тапшырды.

Министрдин тапшырмасы менен министрдин орун басары К.Ахматов изилдөө куткаруу иштеринин жүрүшүн жеринде коордициялап жатат.

Издөө куткаруу иштерине жалпы 134 куткаруучу тартылды.

Бөлүшүү