Орусия НАТО менен кызматташууну толугу менен токтотту

Автор -

Орусия ТИМинин башчысынын орун басары Александр Грушко 15-апрелде өлкө НАТО менен жарандык жана аскердик линиядагы кызматташууну толук токтотконун билдирди. Аскердик багыт боюнча байланыштардын үзүлүшүнө ал толугу менен альянстын өкүлдөрүн күнөөлөдү.

​»НАТО Орусия менен мамилесинде позитивдүү күн тартибинен өзү баш тартты. Ал жок. НАТО бул туңгуюктан кантип чыгарын билбейт»
деди дипломат.

Грушко НАТО өлкөлөрүнүн аскердик чыгымдары былтыр триллион доллардан ашканын, бул Орусиянын коргоо чыгымдарынан 22 эсеге көп экенин белгиледи. Ошол эле маалда ал Москва аскер бюджетин көбөйтүү боюнча жарышка катышпай турганын, “үнөмдүү, так жана эффективдүү каражаттарга” басым жасарын айтты.

«НАТО менен куралдуу жаңжалга баруу маселесине келгенде, туура ойлонгондордун баары буга жетпейт деп үмүттөнүүдө. Бул бардык адамзат үчүн катастрофа болмок. Муну Вашингтон да, Брюссель да түшүнүп турат деп ишенем»
деп кошумчалады Грушко.

Буга чейин НАТОнун өкүлдөрү Орусияны “агрессивдүү” саясат жүргүзүүдөн баш тартууга үндөшкөн.

Аскердик альянс Орусиядан орто жана кыска аралыктагы ракеталарды жок кылуу боюнча келишимге кайтып келүүнү, Керч кысыгында кармалган украин моряктарын бошотууну, Донбасста малайзиялык “Боинг” учагынын атып түшүрүлүшүнө күнөөлүү экенин моюнга алууну жана Донбасс боюнча Минск келишимин сактоону талап кылууда.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү