Маалыматка ылайык, 15-апрель күнү түнкү саат 23:25те Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Шайдан айыл аймагынын Тоскоол айылынын Алаш тоосунда 1978-жылы туулган М.И. аттуу эркек киши жардан кулагандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Кырсык болгон жерге КР ӨКМнин Ноокен райондук бөлүмүнүн куткаруучулары барышып, саат 02:40ка чейин издөө иштерин жүргүзүшкөн, бирок табылган эмес.
Бүгүн, 16-апрель күнү КР ӨКМнин Ноокен райондук №55 Өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары тарабынан таңкы саат 06:15те издөө иштери улантылып, саат 07:40та жабырлануучуну табышкан.
Куткаруучулар жардан кулаган жаранды тоодон алып түшүшүп, саат 10:00дө туугандарына өткөрүп беришкен, абалы канааттандыраарлык ал бутун кокустатып алган.