Жанар Акаев Башкы прокурорго: Мактоого ишенбениз, акыйкаттык орной элек (Видео)

Автор -

Бүгүн, 17-апрелде Жогорку Кеңеш жыйынында 2018-жылы Кыргыз Республикасында мыйзамдуулуктун абалы жөнүндө жана аны чыңдоо боюнча прокуратура органдары тарабынан аткарылган иштер тууралуу Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун отчету угулду.

Жыйындын жүрүшүндө депутат Жанар Акаев КР Башкы прокурору Өткүрбек Жамшитовду мактоого али эрте экенин билдирди.

«Жогорку Кеңеште Башкы прокурорго мамиле такыр башкача, бирок элде, көчөдө такыр башкача! Мыйзамды көзөмөлдөгөн башкы органдын жетекчисине «өмүрүңүз узун болсун, жакшы иштеп жатасыз» деген сөздөр диктатуралык мамлекеттерде гана айтылбаса, адилеттикке суусаган биздин өлкөдө ушундай сөздөрдүн болгону мени өтө кыжырдантты»
деп жазат Акаев.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеӊеш Башкы прокурордун 2018-жылга карата отчетун канааттандырарлык деп тапты.

Жогорку Кеӊеш Башкы прокурордун 2018-жылга карата отчетун канааттандырарлык деп тапты

 

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү