Мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн Кыргызстандын жараны Москвадан кармалды

Автор -
295

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгү Россиянын ИИМдин аймактык бөлүмү менен биргеликте өз өлкөсүндө жасаган кылмыш иши үчүн мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн Кыргызсттандын жаранынын өздүгүн такташып, кармашты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Баткен облусунун 1987-жылы туулган А.Б. аттуу тургуну Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин (эски кодекс) 166-беренесинин 2-бөлүмүндө (Алдамчылык) көрсөтүлгөн кылмыш ишин жасагандыгы боюнча тергөө органдарынан жашырынып жүргөн. Бишкек шаарынын Свердлов РИИБи тарабынан издөө иши козголгон.

Алдын ала маалымат боюнча А.Б. аттуу жаран бир нече жыл мурда аял кишинин ишенимине алдоо жолу менен кирип, АКШ долларында ири суммадагы акча каражатын алып, андан соң изин жашырып кеткен. Жабырлануучу болсо укук коргоо органдарына кайрылган.

Кармалган жаран Россия Федерациясынын Жазык-процесстик кодексинин 91-беренесине ылайык аймактык бөлүмдүн убактылуу кармоочу жайына киргизилип, издөө алган тарапка маалымдама жөнөтүлдү. Кыргыз Республикасынын ИИМдин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгү Россиянын укук коргоо органдары менен биргеликте издөөлөрдү жүргүзүү, кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн кыргыз тараптан мамлекеттер аралык издөө жарыялланган жарандардын кайда жүргөндүгүн тактоо иштерин тынымсыз жүргүзүшүүдө.

Алдамчылык иш-аракеттери үчүн издөөгө алынган жогорудагы жаранды өз өлкөсүнө экстрадициялоо маселеси ийгиликтүү чечилди.

Азыркы убакта кармалган жаран Бишкек шаарына алынып келинип, убактылуу кармоочу жайга камалды.

Бөлүшүү