Депутат: Жер казынасын иштеткен компаниялар рекультивация фондунун эсебине акча которушат, ал каражат азырынча кыймылсыз турат

Автор -

Мамлекеттик бюджеттин тартыштыгын жакшы билебиз, аны толтуруунун кошумча булактарын караш керек. Ушу тапта өлкөнүн рекультивация фондунда 2,5 млрд сомдон ашуун каражат топтолуп калыптыр. Ал каражат кен казылып бүткөндөн кийин колдонулат. Эгерде аны депозитке койсок, жүздөгөн миллион сом кошумча каражат түшмөк. Өкмөт бул маселени ойлонуп көрүшү керек. Бул тууралуу депутат Эрмамат Тагаев Жогорку Кеӊеш жыйынында билдирди.

«Жер казынасын иштеткен компаниялар рекультивация фондунун эсебине акча которушат, ал каражат азырынча кыймылсыз турат. Ошондуктан, азыр аны көбөйтүү жагын ойлонушубуз керек. Эгерде биз 2,5 млрд сомду 13 пайыздуу үстөгү менен депозитке койсок, мамлекеттик бюджетке түз инвестиция түрүндө 325 млн сом өлчөмүндө кошумча каражат табат элек. Ал каражатты мектептер менен бала бакчаларды куруу багытында да колдонсок болот»
деди депутат.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү