Кечээ, 17-апрелде “Ош шаары – Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору” аттуу эл аралык иш-чараны өткөрүү боюнча жергиликтүү массалык мааалымат каражаттары үчүн маалымат жыйын болуп өттү. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Маалымат жыйында Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов жана Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов журналисттердин эл аралык иш-чараны өткөрүү, ага карата даярдык жана андагы өзгөчөлүктөр тууралуу суроолоруна жооп беришти.
Жыйында аталган эл аралык иш-чаранын маанилүүлүгү, аны өткөрүү чоң жоопкерчилиги жана көрүлүп жаткан даярдыктар тууралуу кеңири маалыматтар берилди.
Министр иш-чаранын программасы боюнча толук маалымат берип, алдыдагы иш-чаралар Кыргызстан үчүн мааниси чоң экендигине токтолду.
[ads-quote-center cite=’деп билдирди Азамат Жаманкулов.’]“2019 – жыл Кыргызстан үчүн, анын ичинде Ош шаарынын түрк дүйнөсүнүн маданий борбору катары белгилениши өтө маанилүү. Жыл ичинде ушул сыяктуу бир катар иш –чаралар өтөт. Бул өтө турган иш -чара жылдын расмий ачылып жатышы. 19- апрель күнү С. Ибраимов атындагы Ош Улуттук драма театрында расмий коноктор үчүн “Коркут Ата” спектакли көрсөтүлөт. Иш –чаранын негизги бөлүгү 20- апрель күнү башталат. Анын ичинде «Түрк дүйнөсүнүн этно маданият Фестивалы», «Элдик каада- салттар» , «Этно музыка», «Этно мода», «Кол өнөрчүлөр», «Улуттук тамак- аштар» тартууланат. “Байыркы Ош – цивилизациялардын чордонунда” Түрк тилдүү мамлекеттердин эл аралык илимий- практикалык конференциясы өткөрүлүп , конференциянын соңунда түрк тилдүү мамлекеттердин алдыңкы журналисттерине ТҮРКСОЙдун Басма сөз сыйлыгы берилет. Ошондой эле түрк элдеринин “Сулайман-Тоо ынтымак жүрүшү” жана “Ош шаары – Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору” эл аралык иш- чарасынын расмий салтанаттуу ачылыш аземи Кыргыз Республикасынын Президентинин катышуусу менен өтүүсү күтүлүп жатат”[/ads-quote-center]Маалымат жыйында шаар мэри маданий иш-чаралар өтүүчү жайлардын баарын даярдап, оңдоп-түзөө жана жасалгалоо иштерин жүргүздүгү жана бүгүнкү күндө аталган эл аралык иш-чараны өткөрүүгө Ош шаары даяр экендигин билдирди.
Айта кетсек, «Ош-Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору» аттуу эл аралык деңгээлдеги иш-чараны чагылдыруу үчүн чет өлкөлүк жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү келет. Алар үчүн маалымат борбор ачылып, журналисттер үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлөт.
Бүгүнкү күндө иш –чарага катышуу үчүн өнөрпоздордун алгачкы катышуучулары 16- апрель күнү Ош шаарына келген.