Бишкек шаарынын айрым көчөлөрүндө 2 күнгө жаратылыш газы өчүрүлөт

Автор -

Оңдоо иштери жүргүзүлүп жаткандыгына байланыштуу, 22-24-апрелге чейин Бишкек шаарынын айрым көчөлөрүндө жаратылыш газы өчүрүлөт. Бул тууралуу “Газпром Кыргызстан” компаниясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, М.Ганди, Можайского, Манас, Васильев көчөлөрүнүн кесилишкен аймагында жаратылыш газын берүү токтотулат.

Оңдоо жана калыбына келтирүү иштери газ колдонуучуларды үзгүлтүксүз жаратылыш газы менен камсыз кылуу максатында жүргүзүлүүдө.

Бөлүшүү