Дастанбек Жумабеков Дарига Назарбаева менен жолугушту

Автор -

Кечээ, 18-апрелде Санкт-Петербург шаарындагы Таврия сарайында өткөн Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын кезектеги отурумдарынын алкагында Төрага Дастанбек Жумабеков Казакстандын парламентинин Сенатынын Төрайымы Дарига Назарбаева менен жолугушту.

Жолугушууда тараптар эки өлкөнүн ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн негизги багыттарын талкуулашты.

Алгач Жогорку Кенештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Дарига Назарбаеваны Сенаттын Төрайымы болуп шайланышы менен куттуктап, жоопкерчиликтүү ишине ийгиликтерди каалады. Ошону менен бирге бир тууган эки элдин мындан аркы мамилелерин бекемдөөгө бардык күч-аракетин жумшарына ишенерин билдирди. Мындан сырткары Кыргызстан менен Казакстандын парламенттеринин ортосундагы парламенттер аралык Кеңештин ишин жандандыруунун зарылдыгы айтылды.

Казакстан парламентинин Сенатынын Төрайымы Дарига Назарбаева парламенттер аралык карым-катнашты жакшыртуу, өз ара кызматташтыкты өнүктүрүү багытындагы ойлорун ортого салды. Муну менен катар эки өлкө ортосунда туризмди өнүктүрүү, соода-экономикалык байланыштарды чыңдоо  жаатында да пикирин билдирди.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун Казакстанга болгон иш сапары маалында соода жүгүртүүнүн көлөмүн 1 млрд. долларга чейин жеткирүү максаты белгиленген. Тараптардын айтымында боордош эки өлкөнүн ортосундагы товар жүгүртүүнүн көлөмүн жогорулатуунун мүмкүнчүлүктөрү арбын.

Андан тышкары, жолугушууда  тараптар айрым учурда кыргыз-казак чек арасында жаралып жаткан кырдаал боюнча  да баарлашып, эки өлкөнүн ортосундагы бардык маселелер сүйлөшүү жолу менен чечилиши керектиги айтылды.

Бөлүшүү