Шерменде! Тойдо дасторконду тебелеп нан талашкан жигиттердин кыжыр келтирген видеосу (Видео)

Автор -

Тойдо дасторконду тебелеп, нан, боорсок талашкан жигиттер интернетте кызуу талкууга алынды. Видеону Талант Омуралиев аттуу Facebook колдоонучусу өз баракчасына жүктөгөн.

Кадрдан баштыктарына дасторконду тебелеп боорсок, нан салган жигиттерди көрө аласыздар. Айрымдары шашылып, дасторконду тазалап жатса, айрымдары аны видеого тартып, каткырып отурат.

Интернет колдоонучулар жигиттердин бул кылыгын «шермендечилик» деп баалап, «кыргыздын намысын, кадырын жер менен бир кылды» деп жазып чыгышты.

Белгилей кетсек, окуя Кыргызстандагы кыз узатуу тоюнда болгону айтылууда..

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү