Самаркандда гомосексуализмге айыпталган жигит катуу сабалды (Видео 18+)

Автор -
341

Самарканд облусунда үч баланын атасы 14-апрелде белгисиз кишилер тарабынан сабалганын, шылдыңдоого алынганын билдирди. Буга анын кумса экени себеп болгон.

Жабырлануучунун айтымында, эки ай мурун социалдык түйүндөрдө өзүн кумса деген жигит менен таанышкан, аны 14-апрелде жолугушууга чакырган.

Кийинчерээк ал жолугушууну гомофобдордун тобу уюштурганын билген.

“Биз “Одноклассник” аркылуу эки ай сүйлөшүп жүрдүк. Ал мени сүйөрүн, кызга окшош экенимди айтчу. Ал кечинде жолугушууга чакырды, мен ага ишендим. Белгиленген жерге келгенде төрт киши мени машинеге тыгып, Даргам каналына алып барышты жана өлтүрөбүз деп коркутушту”
деди ал.

Алар жигитти чечиндирип, видеого тартышкан, ур-токмокко алышкан. Жабырлануучу каналга секирип кетип аман калганын билдирди.

Кийинки күнү жигит милицияга кайрылууну ойлогон, бирок кумса экенин тааныштары, аялы жана балдары билип калат деп корккон. Ал сексуалдык азчылыктардын укугу корголгон өлкөдө жашоону каалай турганын кошумчалады.

Бөлүшүү