Ырчы Нэна: Кайненем себимди бербей, себепсиз сабап туруп үйүнөн кубалап жиберген (интервью)

Автор -
6756

«Буга чөйин чын сырымды, жеке жашоомду маектерде айтчу эмес элем. Бирок артымдан айтылган ушактардан улам чындыкты айтууга аргасыз болуп жатам»,— деген ырчы Нэна бүгүнкү маегибизде агынан жарылды.

-Саламатсызбы, Нэна айым? Жакында эле чыгармачылык кечеңизди еткөрдүңүз. Кандай өттү?

— Саламатчылык. Чыгармачылык кече аябай жакшы өттү десем жаңылышпайм. Себеби ойдогудай, ийне-жибине чейин жасалган, канча деген адамдардын чоң салымдары кошулган эмгектин баары акталды. Азыркы биздин шоу-бизнестин деңгээлин көтөрүү максатында өзгөчө форматта концерт өткөрүү биздин колубуздан келди деп башымды өйдө көтөрүп айтсам болот.

-Эл аралык сынактарга мурда байма-бай барып турчу элеңиз. Соңку жылдары барбай калдыңыз…

-Албетте, көптөгөн эл аралык сынактар артта калды. Жемиштүүлөрү, өзүмдү көрсөтө албаган да сынактар болду. Сынак өтө жооптуу жана аябай кылдаттыкты талап кылган жумуш- тардын бири. Сынактарга барганда бирде өйдө, бирде төмөн болот. Темирди ысытып, чыңап, калыбына келтиргендей эле этаптардан өт- тук. Акыркы жылдары, өзүңөргө белгилүү болгондой, эне болуп, эки уулду тарбиялап жаткан кезим.  Балдарыма — көбүрөөк тарбиямды берип, убактымды бөлүп, мээримимди төгүп сынактарга кол тийген жок.

https://www.instagram.com/p/BvqGGDHn-p_/

— Балдарыңыз чоңоюп калса керек? Сизге окшоп чыгармачылыкка жакынбы?

-Балдарым чоңоюп, өз алдынча болуп, мени сүйүндүрүп калышты. Улуу балам ырдайт, бийлейт, анча-мынча апасынан өткөн «чымындары» бар. Быйыл окуйм деп даярдоо
классына барып жүрөт. Кичүү балам болсо өтө шок. Жанынан карыш жылбай карап эле туруш керек. Кандай болбосун аман болушсун. Балдарым менин эки канатым, буюрса, алдыда мени далай бийиктиктерге учурат деп жүрөм.

-Жалгыз бой аялга 2 баланы тарбиялоо кыйын болсо керек?

-Албетте, кыйынчылыктар бар. Өзүң ата да,өзүӊ эне да болуу, туура тарбия ,
берүү, акыл-насаат айтуу, балдарга үлгү болуу, баары жоопкерчиликтүү нерсе. Бирок даттануу мага күнөө болот. Мага болбойт, шүгүр. Бардыгы ойдогудай. «Иштесең тиштейсиң» дейт. Ошондуктан балдарды да багып, өзүм да баардыгына жетишүүгө аябай көп убакыт, көп күч жумшалып жатат. Ата- энеме ыраазымын, алар мага күч-кубат болуп канча жылдан бери жардам берип келе жатышат. Менин өзүмдү чоӊойткондору, «кокуй, кызым,чыгармачылыгыӊ токтоп калбасын» деп бардык жактан,жөлөк-таяк, дем-күч болгону аз келгенсип, балдарымды да карап жатышат.

-«Мага жалгыздык жакпайт» деп калчу элеңиз. Жалгыздыкты сездирбеген бирөө-жарымды жолуктурдуңузбу?

Кимге гана жалгыздык жаксын? Жаратканыбыз бардык жанды түгөйү менен жараткан. Азырынча чыгармачылык, балдарым, жумушум менен алекмин. Ошондуктан жеке жашоого деле убакыт аз. Албетте, жалгыз жүргөн жаман. Бирок жакында дагы бир жакшы сүйүнчүм болот.

https://www.instagram.com/p/Bp-DGCZn4lH/

-Колуңузду сурагандар көп болсо керек. Кайрадан турмушка чыгам деген ой барбы? Же «сүткө оозу күйгөн айранды үйлөп ичет» болуп мырзаларды унутуп, бир гана чыгармачылыкты ойлоп жүрөсүзбү?

-Туура айтасыз. Сүткө оозу күйгөн адам айранды үйлөп ичип калат экен. «Жети өлчөп, бир кес» деген сөз бар го. Ошондуктан ар тараптуу карап жаткан
кез. Колумду сурагандар, оой, көбөйдү (кулүп). Кыз кезимде анчалык көп эмес
эле, азыр аябай көбөйдү. Биринчисинен оозум күйгөндөн кийин экинчисинде
туура кескенге аракет кылып жаткан кез. Буюрса, бардыгы жакшы болот деген ойдомун. .

-Элибиздин мүнөзу ушундайбы, билбейм, айтор, күйөөсүнөн ажырашкан аиымдарды ар кандай ушак-кептер ээрчийт эмеспи. Андайларды угуп терикпейсизби?

«Ит үрө берет, көч жүрө берет» дегендей эле, ар кандай ушактар ээрчийт.
Сүйлөгөндөр сүйлөй берет. Бирок кептин баары биринчи сүйлөгөн кишиде
Эки айрылыш жолго түшкөнүбүзгө 2 жыл болгондо мурдагы жолдошум тараптан ушактар биринчи болуп айтыла баштады. Менин оюмча, бул туура эмес, эркек башы менен андай нерселерди айтканга кантип дити барды оолду экен? Эми бул өзүнүн иши.  Өзүнүн тарбиясы, өзүнүн көз карашы. Бардык нерсенин эрте болгону жакшы. Чынын айтайын, эрте эле  эки ажырым жолго түшкөнүбүз болгон экен.

-Кеткен аял, албетте, жаманатгы болот, артынан жакшы сөз ээрчибейт. Ал эми жакшы күйөөдөн эч ким кетпейт. Эми бардык нерсени силерге кеңири айтып берейин, анткени мен буга чейин айтчу эмес элем.

Бирок артымдан көптөгөн ушактар тарап жатат. Бардык чогуу тапкан мүлктөрүбүздү мурунку жолдошум туугандарына каттатып, мени 2 балам менен көчөгө таштап койду. Чогуу иштеп жүрүп тапкан үйүбүздү да бербей, тартып алды. Башымдан өткөргөн нерселерди эч бир аялзатына каалабайм. Бирок бул нерселерди айтууга аргасыз болуп жатам. Себеби элдин баарына мага үй алып берип, балдарына аябай кам көрүп, укмуш ата болуп жатканын айтып жүрөт экен. А мен эсирген аял болуп кетип калыптырмын. Андай нерсе болгон эмес. «Бул менин жеке жашоом, эч ким кийлигишпесин» деген сайын ушак- тар ээрчимек түгүл, ашып-ташып, ачыткы салгандай ташып, өркүндөп жатыптыр.

Кайын журтум тараптан туура эмес иштер болгондуктан, 2 баламды алып мен
кеттим. Үй-жай эч нерсе беришкен жок. Алиментги болгону айына 2 балага 5 миң
сом төлөйт. Анда да ызы-чуу менен алсаң алдың, албасаң жок. Балдарга келбейт.
Жарым жылда бир келсе келди, келбесе жок. Элге «ой, балдарымды багып жатам, оозу-мурдуна тыгып жатам» деп айтат экен, анын бири да жок. Негизинен, аябай калпты көп сүйлөгөн жолдошумдан качкам. Бир нерсени айтат, анын баары туура эмес болуп чыгат. Аягында тажаганымдан кеткем. Ал эми анын энеси болсо себимди бербей, себепсиз сабап туруп үйүнөн кубалап жиберген. Ошондой кишилерден эрте эле кутулганыма кубанычта болдум.

Мурунку күйөөм тараптан эч кандай жардам жок. Былжырап, алдынан чыккан кишинин баарына мени жамандап жатат. Ал сөздөр мага жетүүдө. Кыш кыштай, эркек эркектей болуш керек. Азыркы эркектер майдаланып кетти. Жалпылап айтканым үчүн кечирим сурайм. Өзгөчө бир эркек  өтө майдаланып кетти.

Мен болсо балдарымды чыныгы эркек кылып өстүргөнгө аябай аракет кылып
жатам. Негизинен башымдан өткөргөн бардык нерселерге шүгүр, мындан оорун
бербесин деп тилейм. Башыбызга түшкөн сыноолорду татыктуу көтөрө билдик, ошол нерселерден темирдей катуу болгонго үйрөндүк. «Ак ийилет, бирок
сьшбайт» дейт. Сынсак биз эбак эле сынмакпыз.Бирок, эч бир моюн бербейбиз, тескерисинче, күчтөнөбүз деп ушул даражага жеттик.

https://www.instagram.com/p/BuJHV6THyVO/

-Жакында эле үй сатып алганыңызды уктум.

-Кудайга шүгүр, өз эмгегим менен, жергиликтүү үй куруучу компаниялардын биринин көмөгү менен 2 бөлмөлүү үй алгам. Өткөн жылдын декабрь айында көчүп кирип, жашап жатабыз. «Өз үйүм, өлөң төшөгүм» дегендей, баары жакшы.

Азыр эң жагымдуу учур — эмеректерди киргизүү, үйгө жакшы нерселерди алып келүү менен алекпиз.

Булак: super.kg гезити. № 859, апрель, 2019-жыл.

Бөлүшүү