Быйыл 28-февралдан 1-мартка чейин Самарканддын облустук перинаталдык борборунда беш наристе чарчап калган.
Алардын бири 28-февралда 21 жаштагы Гүлжахон Каримова аттуу келинге берилген. Бирок туугандары ДНК анализ аркылуу ал наристе Каримованыкы эмес экенин аныкташкан.
«Алгач бизге кыз төрөлгөнүн айтышкан. Бирок чарчап калды деп эркек баланы алып келип беришти. Биз шектенип ДНК анализге бердик. Анын жыйынтыгы баланы жерге бергенден төрт ай өткөндөн кийин чыкты. Ал баланын 100 пайыз биздики эмес экенин көрсөттү»
деди Гүлжахон Каримованын апасы.
Ал буга байланыштуу аларда шектене турган жагдайлар көп болуп жатканын кошумчалады.
«Алар биздин баланы атайылап башка бирөөнө берип коюшкан же байкабастан төрөт үйүндө чарчап калган башка балдар менен алмаштырып алышкан. Дарыгерлер ал күнү төрөт үйүндө беш наристе чарчап калганын айтышты. Эгер биздин кыз тирүү болсо жакшы, бирок башка чарчап калган балдар менен чаташтырып алышса анын сөөгүн кайсыл мүрзөдөн издейбиз?»
деп суроо салды келиндин апасы.
Өзбекстандын Башкы прокуратурасы бул фактыны ырастап, Кылмыш кодексинин 124-беренеси менен иш козголгонун билдиришти.
Самарканд облустук саламаттык сактоо башкармалыгынын өкүлү ал бул окуя боюнча эч нерсе билбей турганын айтты.