Жалал-Абад Мамлекеттик Университетинде 850 студенттер эвакуацияланды

Автор -

Ушул жылдын 17-апрелинде Жалал-Абад Мамлекеттик Университетинде “Өрт чыккан учурундагы аракеттер жана коопсуздук эрежелери” темасында атайын-тактикалык  машыгуу өткөрүлдү.

Машыгуунун максаты Жарандык коргонуу кызматтарынын күчтөрүнүн жана каражаттардын өзгөчө кырдаал коркунучу жана өзгөчө кырдаал келип чыккандагы кырсыктан куткаруу жана башка кечиктирилгис иштерди аткаруудагы, ошондой эле жабыркагандарды ар тараптуу камсыздоосун, тиешелүү иш-чараларды тез арада уюштуруу.

Машыгууда катышуучуларга өрт коопсуздук эрежелерин сактоо жана өзгөчө кырдаалдар катталган учурда алып жүрүү эрежелерине үйрөтүштү.

Жарандык коргонуу кызматтарынын Жарандык коргонуу жаатындагы иш-мерчемдердин негизинде аракеттерди көрүүп жана ыкчам иш-аракеттерди жүргүзүүсүн практикалык жактан көрсөтүлдүү.

Сценарий боюнча, Жалал-Абад Мамлекеттик Университетинин 2-кабатында өрт кырсыгы катталып, аны өчүрүүгө КР ӨКМнин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынан 5 аскер кызматкери, Жалал-Абад шаардык ӨКБнөн 7 аскер кызматкери, ӨКБнүн №20 ӨК-КБнөн 2 өрт өчүрүүчү автоунаасы жана 14 өрт өчүрүүчү куткаруучу, №58 ӨК-КБнөн 1 АСМ пикап автоунаасы 6 куткаруучу, Жарандык коргонуунун коомдук тартипти сактоо кызматынан 22 кызматкер, Жарандык коргонуунун медициналык кызматынан 4 кызматкер, шаардык РЭТ иш-канасынан 2 кызматкер тартылган.

Машыгуу учурунда ӨКМнин куткаруучулары тарабынан 850 студенттер эвакуацияланган.

Бул иш чара Жалал-Абад облусунун Жарандык коргонуу боюнча 2019-жылга бекитилген даярдык иш мерчемине ылайык өткөрүлдү.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү