Жээнбеков Афганистандын тышкы иштер министри Салахуддин Раббанини кабыл алды

Автор -

Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 19-апрелде, Афган Ислам Республикасынын министри Салахуддин Раббанини кабыл алды.

Мамлекет башчысы министрдин Кыргызстанга болгон алгачкы сапары кыргыз-афган кызматташтыгын бекемдеп, аны жаңы, сапаттуу деңгээлге көтөрөөрүнө ишенимин билдирди.

«Биз Афганистандын Президенти Ашраф Ганини июнь айында Бишкекте өтө турчу ШКУга мүчө мамлекеттеринин жыйынында күтөбүз. Бизде „Алыскы туугандан жакынкы коңшу артык“ деген сөз бар. Афганистан биз үчүн жакын коңшу, дос мамлекет жана ишенимдүү өнөктөш»
деп Сооронбай Жээнбеков Афганистан элин эгемендиктин 100 жылдыгы менен куттуктады.

Министр Салахуддин Раббани Президентке жылуу кабыл алганы үчүн ыраазычылык билдирип, Афганистандын Президенти Ашраф Гани жана Премьер-министри Абдулла Абдулланын жылуу саламын жана каалоо-тилектерин айтты.

Визитинин алкагында КР тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков менен соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссия түзүү боюнча макулдашууга кол коюлганын белгиледи.

«Биз эл аралык уюмдардын алкагында Кыргызстандын Афганистандын позицияларын колдогонуна ыраазычылык билдиребиз. Афганистан дагы дайыма Кыргызстандын позицияларын колдойт деп ишенсеңиздер болот»
деп белгиледи министр.

Президент Сооронбай Жээнбеков жана тышкы иштер министри Салахуддин Раббани ошондой эле аймакта коопсуздукту камсыздоо маселелерин, Афганистандагы этникалык кыргыздарды колдоо жана соода-экономикалык кызматташтыктын келечеги боюнча маселелерге токтолушту.

Бөлүшүү