Ат-Башы каналына чөгүп кеткен 5 жашар баланын сөөгү табылды

Автор -
325

Ат-Башы каналына чөгүп кеткен 5 жашар баланын сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, баланын сөөгү бүгүн, 19-апрелде болжол менен саат 12:15те Чу дарыясынын Бирлик менен Гроздь айылдарынын ортосундагы бөлүгүнөн табылган.

Белгилей кетсек, 11-апрелде 2014-жылы туулган Б.Б. аттуу бала Константиновка айылындагы Ат-Башы каналына чөгүп кеткен.

Бөлүшүү