Базар-Коргондо 5 жаштагы бала дайынсыз жоголду

Автор -

Маалыматка ылайык, 19-апрель күнү саат 17:00дө Акман айыл аймагынын Акман айылынын тургуну 2014-жылы туулган  И.Э. аттуу жаш бала дайынсыз жоголгон.

Издөө иштерин жүргүзүү үчүн КР ӨКМнен жалпы 40 куткаруучу, ИИМден 28 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 65 адам, жалпы 133 адам тартылган.

Кеч киргендигине байланыштуу саат 20:00дө издөө иштери убактылуу токтотулган, натыйжа болгон жок.

Издөө иштери бүгүн, 22-апрель күнү да улантылат.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү