Бишкекте жеӊил унаа жолдон чыгып, көпүрөдөн кулап түштү

Автор -

Бишкекте унаа жолдон чыгып, көпүрөдөн кулап түштү. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 22-апрель күнү саат 03:32 чамасында Л.Толстой көчөсү менен бара жаткан “Honda CR-V” үлгүсүндөгү жеңил унаа жолдон чыгып, көпүрөдөн кулап түшүп Манас проспектисине туруп калган.

Жол кырсыктын кесепетинен унаанын айдоочусу 1996-жылы туулган Р.А. (аял киши) жабыркаган. Куткаруучулар жабыркаган жаранды унаадан чыгарышып тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү